Испанияда эки поезд кагышып, 39 киши каза таап, 120дан ашык киши жаракат алды
- 3 недели мурун
18-январда Испаниянын түштүгүндө, Адамус калктуу конушунун аймагында эки жүргүнчү поезди катышкан темир жол кырсыгы болду. Анын кесепетинен баштапкы маалыматтарга ылайык, кеминде 39 адам каза болуп, 120дан ашык адам жаракат алган.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
«Испаниянын компетенттүү органдарынын баштапкы маалыматына ылайык, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган жок. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Франциядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар жана өтүнүчтөр түшкөн эмес. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Франциядагы элчилиги Испаниянын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турат» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Guardia Civil




