Майда кылмышка шектүүнү токмоктогон милиция кызматкери кармалды      

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигигин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ)  кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан аша чабуу жана күч колдонуу фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматта айтылгандай,  Ленин РИИБдин участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери административдик укук бузууга («майда бейбаштык») шектелген Л.Т.Д.ны №2 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришип, кармалган жаранды сабап салышкан.

Алган жаракаттарына байланыштуу Л.Д.Т. тез жардам бригадасы тарабынан Улуттук госпиталга жеткирилип, стационардык дарылоо дайындалган.

Эксперттик корутундуга ылайык, Л.Д.Т.нын баш мээнин чайкалышы менен коштолгон  жаракат, сынык менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү сыяктуу жаракаттарды алган.

21-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.  

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты