Махинур Ниязова 24.kg агенттигинен кызматтан кеткендигин билдирди

  • 2 месяца мурун

Башкы редактор Махинур Ниязова 24.kg агенттигинен кызматтан кеткендигин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Ушак сөз болбош үчүн айта кетейин.  

Мындан ары 24.kg  де иштебейм. Менин атым мындан ары маалымат агенттигине өткөндөрдүн катарында аталбашын каалайт элем, бул эмоция эмес, бул принцип (бизде ал бар), калп нерсеге каршы туруу, андан дагы бир нече жолку калпка. Ал эми менин макалам боюнча козголгон кылмыш ишине жооп берүүгө даярмын, качып кеткен жокмун, соодалашкан жокмун, келишим боюнча менден эч нерсе сурабагыла, билбейм, эч кандай бенефит алган жокмун. Алгандар жаңылык тууралуу өздөрү айтып берээр,-деди Махинур Ниязова.   

24 kg агенттигинин учредители жана директору алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин базасында аталган маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, учредители жана директору журналист Гүлжан Шерипбаева болгондугу жазылды.

Гүлжан Шерипбаева социалдык тармактарга 24 kg агенттиги ага таандык эмес экенин жана жакын арада кожоюну ким болору ачыкталарын жазууда. Гүлжан Шерипбаева менен байланышканыбызда да ал 24 kg агенттигинин учредители болбогонун жана анын чыныгы ээси жакынкы күндөрдө белгилүү болоорун айтты.

24.kg сайтынын мурдагы ээси Асел Оторбаева менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Оsoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана директору болгон.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бишкек шаардык соту буга чейин 24.kg агенттигинин тергөөчүнүн басылманын кеңсесине мөөр басышын мыйзамсыз деген апелляциялык арызын да четке каккан.

Сүрөт: Махинур Ниязованын ФБ баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты