Шаардык сот 24.kg’нин эки арызын канааттандырган жок

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 29-февралда Бишкек шаардык сотунда 24.kg маалымат агенттигинин эки доо арызы каралды. Биринчиси журналисттерге кеңсеге кирип, ишин улантуу боюнча, ал эми экинчиси тинтүү учурунда тергөөчүлөр адвокаттарды кеңсеге киргизбегени тууралуу болду.

Агенттиктин жактоочусу Нурбек Сыдыков эки доо арыз канааттандырылбаганын айтты. «Бишкек шаардык сотунда эки даттануу каралды. Биринчи даттануу — 24.kg’нин журналисттерине кеңесеге кирип иштөө. Тийиштүү документтер, техникалар алынды. Ижара акысы төлөнүп жатат, кеңсеге кирип иштөөгө уруксат берүү өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылганбыз. Райондук сот өтүнүчтү канааттандырган жок. Бүгүн шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Экинчи даттануу — тинтүү жүргүзүлүп жатканда жактоочуларды киргизбей койгон. Тинтүүнүн акыркы мүнөттөрүндө төрт жактоочунун бирөөсүн гана киргизген. Биринчи Май райондук соту адвокат киргизилген деп биздин даттанууну канааттандыруусуз калтырган. Бүгүн шаардык сот бул боюнча дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты