Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева 48 саатка камалды

  • 4 месяца мурун

ИИМге суракка чакырылган “Айт Айт Десе”, Temirov Live командасында азыр иштегендер жана мурда иштеп кеткен бир катар журналисттер 48 саатка камакка алынууда. 48 саатка камалгандардын арасында Махабат Тажыбек кызы, Айке Бейшекеева, Жоодар Бузумов, Максат Тажыбек уулу бар.

Бул тууралуу Жоодар Бузумовдун жактоочусу Такен Молдокулов билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык тармактардагы баракчалардан жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алган.  

-Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.  

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажsбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү. Милиция Темиров LIVE долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.

ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Сүрөт коллажы: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты