Маевкада жогорку класстардын үч окуучусу 1-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө
- 12 месяцев мурун
Маевка айылында 1-класстын окуучусу жогорку класста окуган үч бала тарабынан зордуктоого кабылган.
Бул тууралуу жабырланган окуучу баланын таякеси Абдулхалил Алиев “Политклиника” басылмасына билдирди.
Анын айтымында, мындан эки күн мурда ага белгисиз жарандар жээни зордукталгандыгы тартылган видео тасманы жиберишкен. Бул видео Маевка айылындагы орто мектептин окуучуларынын арасында таркап кеткен. Абдулхалил Алиев анын жээнин 17-майдан 26-майга чейинки аралыкта 5-8-9-класста окуган үч окуучу бала 5 ирет зордуктагандыгын кошумчалады.
«Жээнимдин колу бутун, көзүн байлап, окуя тууралуу бирөөгө айтсаң ата-энеңди өлтүрүп кетебиз деп коркутушкан. Ошол окуядан кийин жээним он күн бою мектепке барган жок» деди ал.
Жабырлануучунун жакындары баланы текшертүү үчүн Бишкектеги №3 балдар ооруканасына кайрылган.
«Ал жактан дарыгерлер таза деп айткандан кийин медициналык экспертизага кайрылсак «ал жактан да таза» деп айтышты. Мен «Беш ирет зордукталган бала кантип таза чыксын» деп чыр салгандан кийин «бул алдын ала бүтүм» деп кутулушту. Учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып кайрылдык» — дейт Алиев.
Жабырлануучунун таякеси Алиев Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлери тез арада шектүү үч баланы таап, кылмыш иши ачылганын айтканын билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




