1-класска каттоонун экинчи этабы башталды
- 1 неделя мурун
- Видео
Агартуу министрлиги 1-июнда саат 10:00дөн баштап 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталганын билдирди.
Бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерди тандап, балдарын каттай алышат.
Арызды 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле «Түндүк», MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу онлайн түрдө берүүгө болот.
Каттоо толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Ата-энелерден мектепке барып документ тапшыруу талап кылынбайт.
1-класска 2019, 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Министрлик
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




