Маевка айылындагы мурдагы бала бакча имараты мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды
- 1 год мурун
Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарына караштуу Маевка айылындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын имаратында жайгашкан, пайдалуу аянты 735,8 кв.м, турак жай аянты 460,5 кв.м., жер тилкеси 0,63 га болгон балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 1994-жылы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде аталган бала бакча мыйзамсыз чыгарылып, кийин жеке менчикке сатылып кеткени такталган.
Жеке менчикке өткөндөн бери бала бакчанын имараты бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай келген. Учурда аталган имарат талкаланып, кароосуз калып, дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулган.
Объекттин ээси С.В.А. мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, мурдагы бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин пайдасына өткөрүп берди.
Мурдагы бала бакчанын имараты Бишкек шаарынын мэриясынын балансына максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




