Мадумаров: Бүгүн кыргыз жарандарын УКМКдан коргош керек болуп калды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кыргызстанда адамдардын жеке жашоосуна байланыштуу аудио, видеолор жашыруун жаздырылып алып, таратылып жатканын сынга алды.

Бул тууралуу ал 7-февралда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бүгүн улуттук коопсуздук органдарынан тескерисинче кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Башта кылмышкерлерден коргош керек болсо, азыр коопсуздук кызматынан, милициядан, прокуратура, соттордон кыргыз жарандарын коргош керек болуп атат”, — деди Мадумаров.

Бүгүнкү жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишмердигин жөнгө салган беш мыйзам долбоору талкууланды. УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков атайын кызмат жөнүндө документ тууралуу кыскача маалымат берди.

“Мыйзам дээрлик 900 жаңы бөлүм менен толукталып жатат. Азыркы мыйзам (УКМКга тиешелүү иштеп жаткан мыйзам-ред.) 1994-жылы кабыл алынган. 2018-жылы аны толуктап, тактап киргизерде сот реформасы, укук коргоо органдарын реформалоо башталып калганда анын баарын бүтүрүп анан кабыл алалы деп жылып калган”, — деди ал.

Депутат Адахан Мадумаров УКМКнын ишмердигине байланыштуу мыйзам долбоорлору Кыргызстанда эски Конституция иштеп жатканда жазылганын, документте бири-бирине карама каршы келген беренелер көп экенин айтты. Ушундан улам документтерди артка кайтарып кайра иштеп чыгуу сунушун берди.

“Адамдын жана жарандын эркиндигин урматтоо деген жерде силерде жашыруун түрдө үнүн жаздырып алуу, сүрөткө тартып алууну прокуратуранын уруксаты жок эле өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алып атасыңар. Бул өтө кооптуу”, — деди Мадумаров.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет документтерди биринчи окууда колдоп, УКМКга айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен долбоорлорду экинчи окууга өзгөртүп келүү сунушун берди. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйынына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты