«Мадина резиденс» 16 кабат үйдү курууда мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаары, Атай Огонбаев көчөсү, 12 дареги боюнча 16 кабаттуу «Мадина резиденс» турак-жай комплексин курууда мыйзам бузуу фактылары аныкталганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, курулуш компаниясынын заказы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.
Курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат.
Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында кармалган.
«Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси- С.Д.М, О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси О.Д.Б., курулуш компаниясынын жетекчиси Р.Ж.Т. кармалды.
Бишкек шаарынын Биринчи мйай райондук сотунун чечими менен кармалгандар С.Д.М. жана О.Д.Б. камакка алынып, Р.Ж.Т.га үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




