«Made in KG» бренди кеңири таанымал болуп калды. Куттуктоо  

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда, жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Жеңил өнөр жай тармагы – өлкө экономикасынын ажырагыс бөлүгү, жалпы эле өнөр жай тармагынын өнүгүшүн шарттоочу маанилүү тармак.

Бизде жеңил өнөр жай өзгөчө көңүл бурууга толугу менен арзыйт. Себеби ал салттуу жана заманбап технологияны бириктирип, экспортко багытталган сапаттуу жана функционалдык продукциядарды жаратып, өз чөйрөсүндө аброй таап келатканы баарыбызга жакшы маалым.

Бүгүнкү күндө “Кыргызстанда жасалган” аттуу бренд Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде таанымал экенин сыймыктануу менен белгилейм. Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуу боюнча дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Ушул сыяктуу тынымсыз жүрүп жаткан сиздердин ишиңиздердин аркасында өлкөбүз бул чөлкөмгө кеңири таанылып, позитивдүү имидж калыптанууда, -деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты