Куттук сөз. Куткаруучулардын кесиптик майрамы

  • 7 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

“Быйыл куткаруу кызматынын түзүлгөнүнө 35 жыл толду. Бул кызмат – жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана өлкөнү өзгөчө кырдаалдардан коргоодо негизги түзүмдөрдүн бири болуп эсептелет. Бирдиктүү куткаруу кызматын түзүү – мамлекеттик өнүгүүнүн маанилүү этабы болуп, табигый жана техногендик мүнөздөгү өсүп жаткан коркунучтарга убагында берилген жооп болду” деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, акыркы төрт жыл ичинде заманбап техникалар, жаңы куткаруу шаймандары, 500дөн ашуун атайын техника, анын ичинде 3 тик учак алынган. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат: жогору коркунучтуу зоналардан жарандарды көчүрүү, байкоо жана эрте эскертүү системаларын өркүндөтүү чаралары көрүлүүдө.

“Сиздерге өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана каалаган учурда жардам көрсөтүүгө даярдыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.Сиздерге чың ден соолук, кызматта мындан аркы ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылыкты, жан дүйнө тынчтыгын жана түгөнгүс энергия каалайм. Майрамыңыздар менен! ” деп куттуктады МинКаб төрагасы.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты