Маданият министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 миллион сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлүп, мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Булфакты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп,  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты