Маданият кызматкери Анара Боталиева дүйнөдөн кайтты

  • 1 неделя мурун

2025-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Боталиева Анара Зарлыковна 73 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Боталиева Анара 1952-жылы 23-февралда Фрунзе шаарында туулган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун Михаил Фрунзенин мемориалдык үй -музейинде илимий кызматкери болуудан баштаган.

Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин маданият жана искусство департаментинин жетектөөчү адистигинен тартып, башкармалыктын жетекчи кызматына чейин көтөрүлгөн.

Маданият министрлигинде аймактарда маданиятты өнүктүрүү башкармалыгында музей, китепкана ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана маданий мурастарды коргоо тармагында көптөгөн жылдар жетекчилик кызматында эмгектенген.

Ошондой эле Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында кызмат өтөгөн.

Анара Боталиеванын эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылган.

Маданият кызматкери Анара Боталиева дүйнөдөн кайтты

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Анара Боталиеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты