Маданий мурастарды изилдөө боюнча илимий институт түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкта бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок экендиги айтылат.

Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө аткаруу үчүн токтом кылынгандардын арасында булар бар :

– Боз-Бөлтөк тоосуна “Манас төр” скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук статусу берүү жана каржылоо булагын аныктоо менен аталган скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корукту куруу боюнча долбоорду, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу;
– улуттук мурастардын объекттеринин тизмесин тактоо жана аны илимий, тарыхый жана академиялык баалоо жүргүзүү;
– улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизүү;
– аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институт өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдыруу;
— “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин алдында кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институтун түзүү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты