Маалымкат алуу «Түндүк» уюлдук тиркемеси аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт
- 4 дня мурун
Ички иштер министрлиги 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн бардык аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жана соттуулугунун бар (же жок) экендиги жөнүндө маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын маалымдайт.
Маалым катты алуу эми “Түндүк” уюлдук тиркемеси аркылуу электрондук түрдө гана жүргүзүлөт.
Жарандардын төмөнкү категориялары үчүн өзгөчөлүктөр каралган:
— 50 жаштагы жана андан улуу курактагы адамдар;
— калктын социалдык жактан аярлуу катмары;
— маалым кат Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары берүү үчүн талап кылынган учурларда”.
Бул чечим Министрлер кабинетинин 2025 — жылдын 9 -апрелиндеги тескемесинин негизинде жүргүзүлөт.
Сүрөт: Социалдык тармактан