“Өмүрдү 5-10 жылга кыскартат”. Наркоз жөнүндө кеңири таралган мифтерди текшеребиз
- 3 недели мурун
- Фактчекинг
“Наркоз адамдын 5-10 жылдык өмүрүн алат, ал эс-тутумду начарлатып, унутчаак кылып коёт” деген өңдүү кептерди көп эле уксаңыз керек. Бүгүнкү күндө анестезия татаал операциялардан тартып стоматологиялык кийлигишүүлөргө чейин кеңири колдонулат. Бирок, ошого карабастан, айрым адамдар арасында анестезия өмүргө коркунуч туудурат деген түшүнүк дагы эле күчтүү.
“ПолитКлиника” медиасы наркоздун айланасындагы мифтер тууралуу суроолорго жооп издеп көрдү.
Наркоз деген эмне?
Наркоз бул атайын дары-дармектер менен берилген терең уйку абалы. Медицинада наркоз жалпы анестезиянын синоними болуп эсептелинет. Анестезия жалпы жана жергиликтүү болушу мүмкүн. Ал бейтаптагы рефлекстерди жана ооруну сезүү жөндөмүн убактылуу токтотот. Анестезия хирургиялык операция учурунда бейтап ооруну сезбеши жана операция тынч өтүшү үчүн колдонулат. Аны колдонууда бардык процессти жана бейтаптын абалын дарыгер-анестезиолог көзөмөлдөйт.
Биз наркоздун айланасындагы суроолорго жооп алуу үчүн Иса Ахунбаев атындагы КММА медициналык борборунун анестезиолог-реаниматологу Ходжахунов Бахтиёрго кайрылдык.
Ходжахунов Бахтиёр, анестезиолог-реаниматолог
Наркоз өмүрдү кыскартабы?
Бул — бейтаптардын арасында кеңири жайылган ишеним. Бүгүнкү фармацевтиканын өнүккөн деңгээли жана анестезия үчүн колдонулган препараттар организмге жана өмүргө зыян келтирген көйгөйлөрдү жаратпайт. Өмүрдү бир нече жылга кыскартат деген маалыматтар негизсиз болуп эсептелинет.
Албетте, анестезиянын терс таасири катталган учурлар болот. Мисалы адамдын кайсы бир препараттарга аллергиясы болсо же өнөкөт дарт менен ооруса, организм терс реакция бериши мүмкүн. Муну болтурбоо үчүн операция алдында бейтаптын организмине толугу менен текшерүү жүргүзүлөт. Анестезия бул бир эле дары эмес. Азыркы препараттардын түрү бейтаптын организмине ылайыктуу дарыны тандоого жол берет.
Эс-тутумду начарлатышы мүмкүнбү?
Анестезиядан соң айрым учурда эс тутумунун начарлашын айткан бейтаптар болот. Бирок мунун баары убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Практикада эс тутум менен байланышкан узак мөөнөткө созулган олуттуу көйгөйлөр болгон эмес.
Наркозду организмден тазалаш керекпи?
Жок, организмден наркозду тазалаш үчүн атайын бир чараларды көрүү кажет эмес. Ал убакыттын өтүшү менен өзү тазаланып жок болот. Анестезиянын дозасын аныктоодо биз бардык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бейтаптын ден соолугун, жашын, операциянын узактыгын жана башка факторлорду эске алабыз.
Эмнеге наркоз адамдарда ар түрдүү тарайт?
Операциядан кийин анестезия адамдарда ар кандай тарашы мүмкүн. Кээ бирлер эч нерсени сезбегендей жеңил ойгонушса, айрымдар тескерисинче ыйлап, ызы-чуу салышы да ыктымал. Мунун баары бейтаптын операциянын алдыдагы эмоционалдык абалына жараша болот. Ошондуктан позитивдүү маанайда ой жүгүртүү аябай маанилүү. Бирок кандай тараган учурда да, мунун баары бир нече убакыттан кийин бат эле өтүп кетет. Тынчсызданууга негиз жок.
Жыйынтык: Наркоз өмүрдү 5-10 жылга кыскартат деген маалымат жалган. Ошондой эле анда колдонулган препараттар эс тутумга олуттуу зыян келтирбейт.