Президент ыйгарым укуктарын токтотпой туруп, кезектеги шайлоодо талапкер боло алат

Бүгүн, 24-сентябрда,  Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Тиешелүү токтомго ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында шаршемби күнү болорун белгилеген төрага Марлен Маматалиев мындай чечим добуш берүү өнөктүгүнө шайлоочуларды активдүү катыштыруу максатында кабыл алынганын кошумчалады. 

Муну менен бирге ошол күнкү жумушчу күндүн маянасы толук берилерин айтып, бирок шайлоого барбагандарга төлөнбөй тургандыгын да баса белгиледи. 

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, депутаттар да, президент да талапкер болуп катталса өз ыйгарым укуктарын токтотпой, улантып кете берерин билдирди.

Ошондой эле ушул эле конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттары, президент талапкерликке барса, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотпой, уланта берет, -деди төрага Марлен Маматалиев.                

-Бул боюнча көп сөздөр айтылып жатат. Мисал катары алсак, VII чакырылыштын депутаттары биз деле мандатыбызды тапшырбастан шайлоого аттанып, бирдей атаандаштыкта катыштык. Мандат бизге эч кандай артыкчылык берген жок. Катышкандардын жарымы кайра шайланса, жарымы өткөн деле жок,- деди төрага.

Мындай кадам мамлекеттин туруктуулугу үчүн керек экендигин айтты:

“Анткени ар кандай кырдаалдар, ковид, чек ара сыяктуу түрдүү маселелер болуп калышы мүмкүн. Бул бүгүн эле кабыл алынган эреже эмес. Тээ 1991-жылдын 31-августунда жана 1999-жылдын 29-майында кабыл алынган мыйзамдардын алкагында болуп жаткан нерсе”.

Ошондой эле шайлоолордогу административдик ресурстардын таасири да жокко эсе экенин кошумчалады:

“Ал тургай шайлоолорго талапкер катары катышууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүү максатында агитаторлордун да санын азайттык. Мурда депутаттыкка талапкер 1000 агитатор ала алса, азыр алардын санын 300дүн тегерегинде болуп калды. Ал эми Президенттикке талапкер 10 миңге чейин үгүтчү алса, эми кыскарды” деди. 

Андан сырткары, төрага шайлоо маселесин ашыкча саясатташтырууга, шашылыш бүтүм чыгарууга же мыйзамда каралбаган башка жолдорду издөөгө эч кандай негиз жок экенин, мыйзамда мөөнөтү да, тартиби да так көрсөтүлгөнүн билдирди. 

Сүрөт: Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынын түз эфиринен

               

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты