Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду жана “Фрунзе” гипермаркет негиздөөчүсү Жээнбековду сотко берди

  • 2 месяца мурун

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду жана “Фрунзе” гипермаркеттер түйүнүнүн негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековду сотко берди.

Бул тууралуу эркин журналист Эламан Карымшаков Фейсбук баракчасында билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Өмүрбек Бабанов Эламан Карымшаковдун Ютуб каналындагы Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп экөөнөн бир миллион сомдон моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Эламан Карымшаков мындай деп билдирди:

“Мага Өмүрбек Бабановдун доо арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат кечээ, 3-июнда гана жетти. Алар жиберген билдирүү дарегиме жетпей калыптыр. Болотмамбет Жээнбековдун видеомаегин өчүртүү боюнча өтүнүчү тууралуу билдирме келгенден кийин гана тактап билдим. Бүгүн Октябрь райондук сотунда алдын ала сот отуруму дайындалган экен, ага катышып, доо арыз менен эми таанышып жатам. Ишти судья Улан Шаматов карап жатат. Дагы бир ирет белгилеп кетейин, мен Бабанов тараптын да пикирин алуу үчүн барганда өздөрү жооп бербей коюшкан. Аягында минтип сотко бергени таң калычтуу болду” деди журналист.

24-апрелде жарык көргөн видеоинтервьюда Болотмамбет Жээнбеков Өмүрбек Бабанов аны алдап кеткенин жана 10 миллион долларлык акцияны тартып алганын айткан. Бабанов айтылгандарды четке каккан.  

Сүрөттө: Өмүрбек Бабанов. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты