Бишкектин Ленин шайлоо округунда парламент депутатын шайлоо өтүп жатат

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 28-майда, саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда  шайлоодо добуш берүү башталды.

БШКнын маалыматы боюнча, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын  шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын саны 124 908 миналардын ичинде 54 678 эркек,  70 230 аял, башкача айтканда 43,77% жана  56,23%.

Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинде 24 эркек, 5 аял. Алардын үчөө — Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: саат 08.00дөн 20.00гө чейин Маалымат алуу үчүн телефондор:

жалпы маселелер боюнча – 1255;

шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119 жана 1255.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты