Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн
- 2 месяца мурун
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ушул чакырылыштын акыркы, 25-сентябрдагы, жыйынында билдирди.
-Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы тарых жаратты. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери парламент өзүн өзү таркаткан эмес, -деди төрага Тургунбек уулу.
«Бул чечим бүгүнкү парламенттин ички чечими болду. Биздин бул кадамыбызга сырткы күчтөр, президент же анын администрациясы, Министрлер кабинети, укук коргоо органдары аралашкан жок» деп баса белгиледи төрага.
-Шайлоо боюнча айта турган болсок, ушул жерде отурган 90 депутаттын, ошондой эле Баш мыйзамда, шайлоолор боюнча Конституциялык мыйзамдарда көрсөтүлгөн ченемдерге туура келсе, (айрым мыйзамдарда бөгөттөр бар, ал мурда-кийин ички иштер министрлигинин тизмесинде, каттоосунда, кылмыш дүйнөсүнө байланышкан адамдар болсо, коррупциялык иштерге айыпталып, бирок айыппул төлөп, кыскартылган кылмыш иши бар жарандар кое албайт) 25 жашка толгон, өйдөкү чеги жок, бардык жарандар барууга акылуу.
Эмки шайлоо бардык процедуралардын негизинде алып карай турган болсок, 30-ноябрга белгиленет. 30-ноябрда шайлоону болуп көрбөгөндөй таза өткөрүүгө бел байлайбыз, -деди.
Нурланбек Тургунбек уулу келерки парламент шайланып келгенге чейин, азыркы чакырылыштын ыйгарым укуктары сактала турганын, эгерде өзгөчө кырдаал болсо, төрага катары кезексиз сессия чакырууга мыйзам жол берээрин кошумчалады. «Биз аракеттеги парламент болуп кала беребиз. Болгону биз мөөнөтүнөн мурда шайлоого баратабыз» деди төрага.
Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу чечимин кабыл алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Баяндамачы депутат Улан Примовдун айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдары кабыл алынган, жаңы шайлоо системасы аныкталган. Аталган мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, президенттик шайлоо, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Кыска мөөнөттө эки чоң шайлоону өткөрүү оорчулук келтирет. Ошол себептүү саясий туруктуулукту бекемдөө, мамлекеттин бийлик бутактарынын иштеп туруусун камсыздоону эсепке алып, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусу боюнча сунушту 32 депутат демилгеледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңеш саясий чечим кабыл алса, Боршайком ушул жылы парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
“Жогорку Кеңештин Конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябры, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин Жогорку Кеңеш гана кабыл алат. Ал эми шайлоону өткөрүүгө даярдык тууралуу айта турган болсок, жаңы мыйзамдын кабыл алынганына үч ай болду, оперативдүү иштеп жатабыз. Эгер парламент, саясий чечим кабыл алса, ар дайым шайлоого даяр болушубуз керек” деди Шайназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Бул тууралуу президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Сүрөт: kenes.kg




