Лукашенко: Cогуштун башында Путин Крым боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болчу

  • 12 месяцев мурун

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген маегинде былтыр март айында Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын макамы тууралуу Украина менен сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди.

Лукашенконун айтымында, Путин ага делегация өкүлдөрү менен макулдашылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн долбоорун берген. Анда аннексияланган Крымды «узак мөөнөткө ижарага алуу» жөнүндө жазылган. Документте Донбасс маселесин Орусия менен Украинанын лидерлеринин Түркиядагы сүйлөшүүлөрүндө талкуулоо сунушталган.

«Эгер Орусия ал документти азыр окуса, анда макул болбойт болчу. Анткени ал Орусияга эч кандай пайда алып келбейт эле. Бирок Орусия макул болгон» деди Лукашенко.

Кезинде Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович да бул тынчтык келишими жөнүндө айткан. Анын билдиргенине караганда, 2022-жылдын жазында орус армиясынын оор жоготууларынан кийин Москва мурдагы талаптарынан, анын ичинде Крым менен Донбассты көзөмөлдөөдөн баш тарткан. Болгону Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 50 миң кишиге чейин кыскартууну жана Украинада орус тилине экинчи мамлекеттик тил макамын берүүнү гана талап кылган.

Арестовичтин айтымында, анда тараптар Путин менен Зеленскийдин жеке жолугушуусун макулдашкан. Бирок акыркы учурда Украинанын президенти Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Буга Буча шаары бошотулгандан кийин ал жерде жүздөгөн жай тургундун сөөгү табылып, алардын кыйноого алынганы аныкталганы себеп болгон.

Орусия Украинага басып киргенден кийин орус жана украин делегациялары Беларуста жана Түркияда бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Стамбулдагы жолугушууда тараптар Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартканы жана Крымдын макамы боюнча чечим кийинкиге калтырылганы жазылган документ боюнча макулдашканы кабарланган. Бирок анда документке кол коюлган эмес.

14-июнда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лукашенконун Крым боюнча айткандарын четке какты. «Жок, андай эмес. Крым Орусиянын бир бөлүгү, ал Орусиянын аймагы», — деди Песков.

Былтыр апрелде украин армиясы Киев облусундагы Буча шаарын бошоткондон кийин ал жакта жүздөгөн жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Күбөлөрдүн айтымында, орус аскерлери жергиликтүү тургундарды атып, зордуктап, кыйноого алышкан. Кийинчерээк Украинанын бийлиги орус тарапты расмий түрдө көптөгөн аскердик кылмыштарга айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги ал айыптарды четке каккан.

Сүрөттө: Александр Лукашенко. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты