Лотереяны мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча тергөө жүрүүдө

  • 2 года мурун

24-25-августта «Баткен Күчү» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча (уюштуруучусу КР жараны Х.у.Н.) кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде, козголгон кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгы облустук прокуратура менен бирге шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Тинтүүдө 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды. Ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду.

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн.

Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган, бирок байге уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Төрт жума мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.

Сүрөт: Кылмышка шектүү. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты