Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору — фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Лос-Анжелес шаарында 2025-жылдын 7-январында башталган өрт азыркы күнгө чейин токтобой жатат. Мындай ири масштабдагы өрттүн кесепетинен 24 адам каза болуп, 16 адам дайынсыз жоголгонун Los Angeles Times басылмасы жазып чыкты. Мындан сырткары, 180 миң адам эвакуацияланып, 10 миңден ашуун курулуш күйүп кеткен. Социалдык тармактарда бул кырсыкты чагылдырган сүрөт, видеолор тарап жатат. Анда Голливуд дөңүндөгү белгилүү Hollywood жазуусу өрттөнүп, тилсиз жоо шаарды толугу менен каптап кеткенин көрүүгө болот. 

“ПолитКлиника” медиасы бул видеолорду текшерип көрдү

Hollywood жазуусу өрттөнгөн эмес

Бул жазуу “Раньон каньону” деп аталган Голливуд дөңүндө жайгашкан. Дал ошол дөңдү өрт каптаган учурда интернетте Hollywood жазуусунун күйүп жаткан сүрөттөрү тарап баштаган. Бирок X (Twitter) социалдык түйүнүнүн колдонуучулары бул сүрөттөр фейк экенин, жасалма интеллек колдонулганын жазып, ал райондогу түз эфир жүргүзгөн веб-камералардын скриншотун жарыялашкан.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Бул материалды жазуу учурунда камералар иштеген эмес.

Ал эми Hollywood Sign Trust фондунун төрагасы Джефф Зарриннам Hollywood белгиси жабыркаган эмес жана ордунда эле турганын Los Angeles Times басылмасына билдирген. Анын айтымында, өрт 101- шоссенин батышында орун алган, ал эми Голливуд жазуусу 101 шоссесинин чыгышында жайгашкан.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Өрттөнүп жаткан жерлерди “Google Maps” тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. Сөз болуп жаткан жерди тиркемеден караганыбызда Голливуд белгиси коопсуз аймакта турганын байкадык.

Javokhir_officiall аттуу инстаграм колдонуучу 13-январь күнү өзүнүн баракчасына видео жарыялап, анда Голливуд белгисинин өрттөнүп жатканы фейк экенин билдирген. Ал видеодон жазуу эч нерсе болбогонун байкоого болот.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Ал эми taukebai.nurbak аттуу колдонуучу шаардын борборунда жайгашкан имараттарды тартып, интернеттеги видеолорго ишенбөөгө чакырган.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Лос-Анжелести толугу менен өрт каптаган видео ЖИ аркылуу жасалган 

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Инстаграмдагы ai_creatiions баракчасы 9-январь күнү Лос-Анжелестин өрттөнүп жаткан видеосун  жүктөгөн. Аталган видео 64,5 млн жолу көрүлгөн, 2,7 млн лайк чогултуп, 69,3 миң комментарий жыйнаган жана бул пост 1 млн жолу бөлүшүлгөн. 

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг
Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Бул видео жасалма интеллект аркылуу жасалганын ЖИ белгисинен билсек болот. Мындай белгилер посттордун үстүнө коюлуп, ал автордун видео же сүрөттөрүн ЖИнин жардамы менен даярдаганын билдирет. Эгерде ЖИ колдонулган посттор болсо, инстаграм автоматтык түрдө ЖИ белгисин кошуп коёт. Инстаграм бул чараларды колдонуу менен өзүнүн аудиториясын жалган маалыматтардан коргоп, адамдардын алданып калуусунан сактайт.

 Бул видонун ЖИ аркылуу жасалганынын дагы бир далилин автордун буга чейинки постторунан көрсө болот. Мисалы Португалия курамасынын футболчусу Криштиану Роналду жана аргентиналык оюнчу Лионель Месси экөөнү ар түрдүү кесиптин ээлери кылып, алардын видеолорун жүктөгөн.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг
Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Автор өзү дагы баракчасында ЖИ колдонорун белгилеп кеткен.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Жогорудагыдай аккаунттар миңдеп саналат. Алардын жасаган видеолорун башка колдонуучулар көчүрүп алып, өздөрүнүн баракчасына жарыялашат. Ар ким ар кандай максатта мындай ишке барат. Кээ бири чын эле ишенип алса, кээ бири социалдык тармактагы активин жогорулатуу максатында кылат. Чындыгында акыркы окуяларды чагылдырган посттор аябай популярдуу болууда. Жүктөгөн видеолор миллиондогон көрүүлөрдү топтосо, сүрөттөр миңдеген лайктарды алууда.

Өрт Лос-Анжелесте болуп жатабы?

Лос-Анжелес бул — аймактарды бириктирген шаар. Анын карамагына Голливуд, Бурбанк, Полисэйд, Пасадена жана башка ушул сыяктуу кичи шаарлар жана райондор кирет. Азыркы учурда өрт үч райондо болуп жатат. Алар — Пасифик-Палисейдс, Итон жана Хёрст райондору.

Лос-Анжелестеги өрттүн айрым видеолору - фейк жана ЖИ аркылуу жасалган. Фактчекинг

Лос-Анжелес аймактык өкүлчүлүгүнүн айтымында, шамалдуу аба-ырайына байланыштуу өрт дагы күч алышы мүмкүн. Мындай аба-ырайы өрт өчүрүүчүлөрдүн ишине тоскоолдук жаратып жатат. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Ал эми Лос-Анжелес аймагынын шерифи Роберт Луна өрттүн келип чыгуу себеби иликтенип жатканын айткан. 

Жыйынтык: Лос-Анжелести толугу менен өрт каптаганы жана Голливуд белгисинин өрттөнгөн видеосу — фейк. Алар жасалма интеллект аркылуу жасалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты