АКШнын Лос-Анжелес округунда кайрадан өрт чыкты
- 2 года мурун
Калифорния штатынын Лос-Анжелес округунда кайрадан тутанган өрт 38 чарчы метрге жайылганын Reuters агенттиги 23-январда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Хьюз” деп аталган өрт 22-январда саат 11:00 чендерде Лос-Анжелес шаарынан 80 чакырым жерде, Кастаик көлү тарапта башталган.
Кастаик көлү тарапта жашаган тургундарга бийлик өрт алардын өмүрүнө коркунуч келтирээри эскертилген. 31 миң адам милдеттүү түрдө эвакуацияланды, 23 миң адамга эвакуация ыктымалдыгы тууралуу эскертишти. Өрттүн кесепетинен Кастаиктеги түрмөдөгүлөр да жарым-жартылай эвакуация болушту.
АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Лос-Анжелес шаарында аба ырайынын кургакчыл болуп жатканынан улам, 2025-жылдын 7-январында өрт башталган. Мындай ири масштабдагы өрттүн кесепетинен 24 адам каза болуп, 16 адам дайынсыз жоголгонун Los Angeles Times басылмасы жазып чыкты. Мындан сырткары, 180 миң адам эвакуацияланып, 10 миңден ашуун курулуш күйүп кеткен.
Кийинки маалыматтарда 28 адамдын каза болгону айтылат. Өрттүн кесепетинен келип чыккан чыгым 250 миллиард доллар болду деп эсептелүүдө.
Сүрөт: AP




