“Өлкөнүн башкы каармандары — медицина кызматкерлери”. Президенттин куттуктоосу

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекеттин эң негизги байлыгы — эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар.

Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүттөрүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем” деп айтылат куттуктоодо.  

“Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт.

Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз” .

Биз ооруларды алдын алуу ишин биринчи орунга коюу менен баштапкы медициналык санитардык жардам системасын маанилүү багыт деп билебиз. Бул багыт, албетте, тажрыйбалуу дасыккан медициналык адистерсиз натыйжа бере албайт.

Ардактуу саламаттык сактоо кызматкерлери, тизмектелип өткөн иш-чаралар сиздердин жардамыңыздар менен гана өз максатына жетет, сиздердин эмдүү, шыпаалуу колуңуздар менен мээримдүү мамилеңиздерди бир да медициналык шайман алмаштыра албайт. Андыктан, улут саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Ар бир дени сак мекендешибиз өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Ошондуктан, өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер деп айтууга толук негиз бар”.

Бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатат.

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты