Өлкөгө мыйзамсыз тамеки алып келүү фактысы аныкталды   

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сүлүктү шаарынын Кольцо участогунун аймагында, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылынын тургуну, 1983-жылы туулган КР С.К.Х. аттуу жарандын башкаруусунда В2297Е номерлүү ВАЗ 21013 үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Унааны текшерүү учурунда кабинадан 10 куту “Esse Change” тамекиси табылган, анын ар бир кутусу болжолдуу базар баасы боюнча 500 000 сомду түзгөн 50 блок тамекини (1 куту тамекинин баасы 100 сом) түзөт.

Алынган маалыматтарга ылайык, тамеки Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн коңшу республикадан мыйзамсыз алынып келинген.

Ушул жылдын 20-июнунда С.К.Х. унаасын оңдоо үчүн Раззаков шаарын көздөй бара жаткан, “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү пунктунун жанынан белгисиз адам аны токтотуп, 10 кутудан турган жүктү Раззаков шаарына 10 000 сомго жеткирип берүүнү суранган.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты