Өлкөдө жай мезгилинде электр энергиясын керектөө жогорку чекке жетти
- 12 месяцев мурун
2025-жылдын 22-июлунда Кыргызстандын энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 44 миллион 124 миң кВт.с деңгээлине жетти. Бул тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет
Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармактар ишканасы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул тарыхтагы жай мезгилинде катталган жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллиондун кВт.с тегерегинде болгон.
Керектөөнүн өсүшүнө аба ырайынын ысык болушу жана кондиционерлердин, муздаткыч жабдыктарынын көп колдонулушу себп болууда.
Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатат.
Компания жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп туруу жана электр энергиясына этият мамиле кылуу аркылуу ар бир жаран энергосистеманын туруктуу иштешине салым кошо ала турганын эскертет.
Сүрөт: Интернет булактарынан




