Өлкөдө курч респиратордук-вирустук инфекция жана сасык тумоого чалдыгуу төмөндөдү

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда курч респиратордук-вирустук инфекция (КРВИ)  жана сасык тумоого чалдыгуу 11, 7 %га төмөндөдү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.    

8–14-декабрда КРВИ жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды. Мурдагы жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7%га азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.

Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты