Кыргызстанда сасык тумоонун «В» түрү жүрүп жатат  

  • 4 месяца мурун

Кыргызстанда сасык тумоонун «В» түрү жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, учурда кырдаалга байланыштуу мобилдик клиникалар ачылды.

«Мурда балдардын ооруганы боюнча 1,5 миң учур катталса, азыр күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул ковид эмес, азыркы учурда ковиддин беш эле учуру аныкталды. Бул грипптин «В» түрү» деди министр.

20-декабрда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 575 адамга жеткен. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 43,4 пайызга көп.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшүнө жана көпчүлүгү ооруганда дарыланбай, башкаларга жугузуп жатканы менен байланыштырды.

Сүрөт: RFE/Rl

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты