Өлкөдө 72 миңдей баланын ата-энеси миграцияга чыгып кеткен  

  • 1 месяц мурун

Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында соцкамсыздоо министрлиги тарабынан туугандарынын камкордугуна калтырылган эмгек мигранттарынын 86 миңден ашык баласы аныкталып, көзөмөлгө алынган. Анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өткөн мезгилде жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөдө текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты