Люксембург айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү
- 4 months мурун
- Видео
Чүйдө мектепте чыккан өрт саат 14:54дө толук өчүрүлдү.
Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Я.Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан чыккан саат 14:40та чектөөгө алыган.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Я.Ваккер атындагы орто мектептен өрт чыкканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.
Маалыматта саат 12:09да Ысык-Ата райондук ӨКМ кызматынан өрт өчүрүүчүлөр өчүрүп жаткандыгы, кийин кошумча күч жана техника жардамга баргандыгы маалымдалды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!