Лейлекте издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды

  • 2 года мурун

Лейлекте издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.

Тажикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасаганга шектелип, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты