Лейлек районунда жер титиреди

  • 2 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-ноябрда, таңкы саат 04:53тө Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталган.

Тактап айтканда, Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кара-Суу, Коргон айылдарында жана Баткен районунун Рават айылында 3,5 баллга, (Лейлек айылынан 6 чакырым түндүктө, Рават айылынан 9 чакырым түндүк батышта, Сүлүктү шаарынан 45 чакырым чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты