“Легендарлуу парламент” депутаты болгон Жеңишбек Бекболотов көз жумду

  • 4 месяца мурун

Узакка созулган оорудан кийин, 7-январда 79 жаш курагында коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, “легендарлуу парламенттин» депутаты болгон Жеңищбек Бекболотов көз жумду.

Бул тууралуу президенттик администрация билдирип, көңүл айтуу жарыялады.

Анда айтылгандай, Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкенттеги политехникалык институтту аяктаган.

1990-1994-жылдары “Легендарлуу парламенттин” депутаты, 1996-жылдан 1999-жылга чейин суу чарба министри болгон.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригация жана суу пайдалануу чөйрөсүндө жетишкендиктери үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган. Кыргызстандын “эмгек сиңирген ишмери” наамын алган.  КР техника жана илим жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауретаы болгон.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты