Лавров Борбор Азиядан Орусияны сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты

  • 6 месяцев мурун

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа биримдиги (ЕБ) Орусияны Борбор Азиядан сүрүп чыгарууга аракет кылып жатканын, бирок Москва эч жакка кетпей турганын айтты. Анын мындай комментарийин орусиялык журналист Павел Зарубин Телеграммдагы каналына жарыялады.

«Евробиримдик бизди болушунча токтотуп туруу, Борбор Азиядан жана Кавказ аймагынан сүрүп чыгаруу ниетин жашырбайт. Андай болбойт. Биз бул жерде тарыхтан бери келатабыз. Биз жок болуп кетпейбиз. Биздин өнөктөштөр муну жакшы билишет» деди Орусиянын башкы дипломаты.

Сергей Лавров бул сөзүн Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Казакстандагы соңку билдирүүсүнө жооп катары айтты.

Макрон 1-ноябрда Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, казак бийлигинин кайсы бир өлкөгө көз каранды болбоо аракетин кубаттай турганын айткан. Ал Казакстанга түрдүү факторлордон улам басым көрсөтүлүп жатканын да белгилеген.

«Кайсы держава болбосун, анын вассалы болуудан баш тарткан жана ар кыл өлкөлөр менен тең салмактуу мамиле түзүүнү көздөгөн сиздин өлкөнүн жолу — ушундай стратегия Францияга жакын» деп билдирген Макрон.

Француз президенти Казакстандагы сапарынан кийин Өзбекстанга барып, президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты