Lalafo тиркемеси аркылуу 67 миң сом алдоого шектүү кармалды
- 1 неделя мурун
Lalafo тиркемесинен Volkswagen Passat автоунаасын сатып алууну макулдашып, сатуучунун өтүнүчү боюнча 9-ноябрда «О деньги» электрондук капчыгына 27 миң сом, андан кийин дагы 40 миң сом которгон. Акчаны алган соң «сатуучу» байланыштан чыгып, дайынсыз болгон. Жалпы материалдык зыян 67 миң сомду түздү.
Бул боюнча арыз менен Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Токмок шаарынын тургуну Д.Н. кайрылган. Ал Lalafo тиркемесин аркылуу Volkswagen Passat автоунаасын сатып алууну макулдашып, сатуучунун өтүнүчү боюнча 9-ноябрда «О деньги» электрондук капчыгына 27 миң сом, андан кийин дагы 40 миң сом, жалпы 67 миң сом которгонун, акчаны алган соң «сатуучу» байланышпай, дайынсыз болуп кеткенин билдирген.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматында аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция шектүүнү — буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон, жергиликтүү тургун 1999-жылы туулган К.А.ны аныктады.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот анын баш коргоо чарасын үй камагы түрүндө тандады.
Учурда анын Чүй облусунун аймагында жасалган башка окшош кылмыштарга тиешеси текшерилүүдө. Тергөө уланууда.
Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы




