Балдар бакчасынын атына жамынып, баңгизат лаборатория уюштургандар кармалды  

ИИМдин баңзиттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында балдар бакчасынын атына жамынып, каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүп, даярдап, интернет тармактары аркылуу сатуу менен алектенип жүргөн баңги кылмыштуу топ тарабынан уюштурулган жашыруун баңги лабораториясы жок кылынды.   

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

2025-жылдын 5-июнунда ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын бир имаратында тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында, атайын, автоматташтырылып жабдыкталган, элита сортундагы марихуана өстүрүүчү баңги лаборатория аныкталган. Жалпысынан 19 түп жана 54 грамм гашиш баңгизаты, ошондой эле  лабораторияга тиешелүү жабдыктар алынган. 

Бул имарат “Растишка АВС” жеке балдар бакчасынын атын жамынып, кылмыштуу иш-аракеттерди жасап,  баңгизатты колдонуп, көмүскө жай уюштуруп жүрүшкөндөр туугандык жана куда-сөөктүк байланышта болгон 1993-ж.т. К.Д.К., 1980-ж.т. Ш.Н.К., 1992-ж.т. М.С.Ө.,  1985-ж.т. С.М.Б., 1988-ж.т. К.Ч.Р. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Алар өндүргөн баңгизаттар сатыла турган болсо, кирешеси 25 млн сомду түзмөктөгү белгиленди.

Балдар бакчасынын атына жамынып, баңгизат лаборатория уюштургандар кармалды  
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты