Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоо үчүн Бишкекте лаборатория куруу маселеси каралууда
- 1 год мурун
Пекин шаарында Кыргызстандын азык түлүк продукцияларын Кытайга экспорттоо максатында Бишкек шаарында курула турган лабораториянын маселелери боюнча буга чейин өткөрүлгөн жыйындын протоколуна 11-июлда кол коюлду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы нота алмашуунун жобосуна ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдерин жана тамак-аш азыктарын текшерген лабораторияны куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн өзүнө алган.
Ага ылайык, Кытайдын инженердик жана долбоорлоо академиясынын долбоордук топтору 2017, 2018, 2024-жылдары Кыргызстанда тиешелүү изилдөө иштерин жүргүзүп кеткен. Бул долбоорду ишке ашыруу потенциалын изилдөө процессинде кытайлык долбоордук топ менен кыргыз тараптын биргелешкен талкуусунун жүрүшүндө иштелип чыккан техникалык натыйжалардын кыскача баяндамасы боюнча макулдашууга жетишилген.
Долбоор жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, улуттук стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Кытайдын техникалык стандарттарынын жана долбоорлоо жана курулуш ченемдеринин негизинде ишке ашырылат.
Кытай тараптын жогоруда аталган иштерди аткарууга байланышкан чыгымдары Кытай өкмөтү тарабынан жардам иретинде берилген каражаттын эсебинен жабылат.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




