Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атуу менен киши өлтүрүүгө шектүү Тажикстандан кармалды

  • 6 месяцев мурун

Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде  25-октябрь күнү саат 02:15 чамасында, ызы-чуу болуп, жаран жанындагы шеригин атып салып, изин жашырып кеткендиги тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Ал эми октон жарат алган киши ооруканада каза болгон.

Милиция бул окуяны иликтеп, шектүүлөрдүн тек-жайын жана шектүү катышкан кылмыштуу топту жана алардын кылмыштарын аныктады.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматта айтылгандай, иликтөө иш-чараларанын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу жараны менен Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургуну өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, натыйжада И.У. Л.Ш. ны атып, качып кеткендиги анык болгон.

Бул маалымат кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.  

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.

Кылмышка шектүү И.У. жана анын кылмышка шериктеш Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 32 жаштагы А.А нын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталган:

Ош шаардык ИИБге 32 жаштагы Т.Д. арыз менен кайрылган. Арызында 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01.30дар чамасында аны Кызыл-Кыя шаарына алып келип, өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 жаран (арасында издөөдө жүргөн И.У.да болгон) курал менен коркутуп, «бизге жасалма 20 миң АКШ долларын таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересин» деп, зомбулук көрсөтүп, айдоочулук көбөлүгүн 10 650сом акчасын, автоунаасын тартып алгандагы маалым болгон.

Бул жагдай боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалоо) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Дга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баткен облустук ички ищтер башкармалыгынын жана Кызыл-Кыя шаардык ИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн крим авторитет эсептеп жүргөн, жогорудагы кылмышка шектелип, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27 жаштагы Т.М. жана Б.М., 31 жаштагы Э.М. жана А.И. ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21 жаштагы  тургуну А.А. жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну Э.И. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын кылмыштуу шериги А.А. нын жүргөн жери аныкталып, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстанга кирип кеткендиги маалым болду.

Издөөдө жүргөн И.У жана А.А. Тажикстандан кармалып, Кыргыз Республикасына өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты