Кызматтык ишти аткарып жаткан адамдарга зомбулук жасагандарга кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү
- 7 дней мурун
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып жаткан, ошондой эле коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарды мыйзамсыз зомбулук аракеттеринен коргоо үчүн тиешелүү укуктук базаны түзөт.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 136 жана 280-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып же коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарга карата зомбулук аракеттерин жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
Атап айтканда, жабырлануучунун кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткарышына байланыштуу ден соолукка жеңил залал келтирүү, анын натыйжасында ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна же эмгекке жөндөмдүүлүктүн анча чоң эмес туруктуу жоготуусуна алып келген учурларда (КЖКнын136-беренесинин 2-бөлүгү) кылмыш жоопкерчилиги – жаза катары 500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып пул салуу түрүндө белгиленет.
Ушундай эле мүнөздөгү өзгөртүүлөр КЖКнын 280-беренесине да киргизилген. Аталган беренеде кызматтык же кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата бейбаштык (хулигандык) кылгандыгы үчүн жоопкерчилик, башкача айтканда жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө белгиленген.
Сүрөт: president.kg




