“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы кеңсеси ачылды

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имаратынын ачылышына катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, “Учкун” имаратында жайгашкан жаңы кеңседе иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 175 адис үчүн ачык жумушчу зона, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, душ, намазкана жана стол тенниси үчүн залы бар.

“Кызмат” мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды.“Түндүк” тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алууга болот.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы кеңсеси ачылды

Сүрөт: «Кызмат» мекемесинин жаңы кеңсеси. Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты