“Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жарлыгына кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функционалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу максаты коюлду.

Аталган мамлекеттик мекеме “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлмөкчү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты