«Кыргыз Туусу» маалымат басма үйү» мекемеси түзүлдү

  • 2 месяца мурун

«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы мекеме «Кыргыз Туусу» басма үйүн, «Слово Кыргызстана» басма үйүн, «Байчечекей» балдар журналынын редакциясын жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакциясын бириктирүү жолу менен түзүлдү.

Маалыматта бирдиктүү маалымат-басма үйүн түзүү мамлекеттик медиа системасын модернизациялоонун, алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин чыңдоонун маанилүү кадамы катары каралып жатканы белгиленди.

Токтом менен «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, штаттык сандын чеги, эселенген коэффициенттер жана кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар бекитилди.

Жаңы мекеменин түзүмүнө «Кыргыз Туусу»,  «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Байчечекей» балдар журналы; «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты