Кызамык эмделбеген балдар арасында көп кездешүүдө

  • 6 месяцев мурун

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык дарты менен ооруган 3618 учур аныкталган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору маалымдады.  

Аймактар ​​боюнча алганда,  Бишкек шаары – 1076 учур, Ош шаары – 333 , Ош облусу – 695 , Баткен облусу – 96, Чүй облусу – 562, Жалал-Абад облусу – 650, Талас облусу – 95, Ысык-Көл облусу – 72,  Нарын облусунда – 39 учур катталды. ⠀

88% же 3195 учур 10 жашка чейинки балдар арасында катталган. Оорулуулардын эмдөө абалы боюнча 87% же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.

Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу  эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.

Балдар жайларында же балдар көп топтолгон жерлерде кызамыктын очогун жок кылуу үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө жүргүзүлүүдө,

9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жайылган аймактарда- Бишкек, Ош шаарларында, Ош, жана Чүй облустарында улантылууда. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өтүшөт.

Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 462 692 бала вакцина алды, бул 77%ды түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты