Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултууга шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

17-майда кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык, «Транс эксперт» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Аталган адамдар 2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейинки убакта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча каражатын чогултканы такталды.

Мындан тышкары аталган жеке компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 АКШ долларын чогултуп турган. Эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды.

Ошону менен бирге оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланды.  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты