Кытайдагы жер титирөө Нарын облусунда да сезилди

  • 2 месяца мурун

Өлкөнүн сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 20-майда саат 11:10до Кытайда MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Көч айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Нарын шаарынан түштүк чыгышка карай жүргөн

Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-майда, саат 4:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Самаркандек айылынан 18 чакырым түштүк чыгышка, Рават айылынан 26 чакырым түштүк чыгышка, Лейлек районунун Лейлек айылынан 34 чакырым түштүк чыгышка карай белгиленди.

Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бул түнү саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты