Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди  

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча түндө, 22-декабрда саат 03:16да, Кытайда очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Ал Кыргызстанга да сезилди.  

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын, Какшаал тоо кыркаларында, Кыргызстандын Бедел айылынын түштүк-чыгышынан 33 чакырым, Кумтөр кенинин түштүк-чыгышынан 75 чакырым, Каракол шаарынын түштүк-чыгышынан 123 чакырым алыста болгон.    

Кыргызстанда, Бедел айлында жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга чейин сезилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты