Кытайда жер титиреди

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 4-мартта, саат 13:54тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстанда  да сезилди, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3,5 балл, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3 баллга (Бедел айылынан 35 чакырым түштүк чыгышта, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 85 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн, 4-мартта, саат 12:22де, Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол шаарларында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында, Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3,5 баллга (Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк батышка, Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 150 чакырым түндүк батышка, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты