Кыргызстанда жер титирөө катталды

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 4-мартта саат 12:22де, Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол шаарларында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында, Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 3,5 баллга (Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк батышка, Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 150 чакырым түндүк батышка, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.

Бишкек шаарында жер титирөө 3,5 баллга чейин жеткен. Жер титирөө Алма-Ата шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты